Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Исакунова кызматтан кетип, жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 633 | 0

Социалдык өнүгүү жана эмгек министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованы кызматтан алуу менен чектелбестен, укуктук баа берилиши керек болчу. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Аида Касымалиеванын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова боюнча парламент жыйынында айткандары чындык болсо кызматтан кетип, жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

«Мамлекеттик кызмат саясатташып кеткен. Мисалы, Украинада ар бир мамлекеттик кызматкер туугандары кайсыл жерде иштеши боюнча декларация тапшырат. Ошондо кызматкердин мамлекеттик кызматта кимдер менен байланышы бар экени так көрсөтүлөт. Биздикилерди да толтурса көп нерсе чыгат. Дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу зарыл. Ал үчүн саясий эрк керек. Ал эми бийликтегилер кадр маселесине олуттуу мамиле кылсын. Өкмөттүн кадрлары тың болсун, эч ким ичирип койбосун», — дейт Сооронкулова.

Эске салсак, 22-сентябрда Сеул шаарынын аэропортунда Каденованын учакка мас болуп кирип чыр салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктады. Көп өтпөй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM