Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Директордун кызматтык мөөнөтүн чектөө менен маселе чечилбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 754 | 0

Билим берүү жана илим министринин буйругу ири шааарларда күчүн жоготуп жатса анда министрдин жоопкерчилигин кароо зарыл. Мындай пикирин “Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, мектеп директорлорунун кызматтык мөөнөтүн чектөө менен маселе чечилбейт. Ротация, жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча конкреттүү жобо иштелип чыгышы керек.

«Бардык маселе парламентен башталат. Парламентке келген фракциялардын айрым мүчөлөрү шайлоо убагында мектеп директорлоруна карыз болуп калган. Жетекчилер добуш алып беришкен. Эмне үчүн Билим берүү минисрлиги жүргүзүп жаткан реформаларга чоң тегерек столдор өтпөйт? 3 миң мугалим эмненин негизинде жумуштан алынат?», — дейт Молдокматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM