Биз менен байланышыңыз

Дипломатияга кедергисин тийгизген элчилер

Саясат | 27 Сен 2018 | 1069 | 0

Кыргызстанда дипломаттардын сапаты төмөндөп бара жатат. Мындай пикирди серепчилер билдиришүүдө. Алардын келтирген жүйөөсүнө ылайык, учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү көпчүлүк элчилери кызматын так аткарбайт. Ошондой эле аталган кызматка учурда кесипкөй эмес, тааныш-билиш менен кадрлар дайындалууда.

Кыргызстан тышкы саясатында дүйнөдөгү көп өлкөлөр менен ар тармактуу мамиле түзүп келет. Акыркы жылдары мамлекеттин дипломаттык корпусунун алыс-жакынкы чет мамлекеттердеги элчилерди дайындоо маселеси коомчулукта кызуу талкууланып. Ошол эле учурда элчилердин ишмердүүлүгү да сынга кабылууда.

Ушул аптада эле тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисиКылычбек Султанды кызматтан алууну сунуштады. Министрлик «элчи дипломаттын этикасын бузду» деп эсептейт. Буга чейин элчи учакта мас абалында жаңжал салды деген Зууракан Каденова тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылгандар чыгып жатканын айткан эле.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Кореядагы элчисинин ортосундагы окуяны терең талдоону тапшырды.

-Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктады. Мындан улам Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ар бир фактыны обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартышы зарыл.

Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар мамлекет башчысына берилет.

Бул көрүнүш элчилер кандай болуусу керек жана кандай жол менен тандлат деген маселени күн тартибине алып чыкты.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, өлкөдө бийлик чет мамлекеттерге элчи кылып жакын таанышын, партиялашын жана президенттин сөзүн уккан кызматкерди дайындап келет. Айтсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу убагында элчилерди шайлоодо Сапар Исаковдун ролу чоң болгон.

-Иштеп жаткан элчилер мамлекет алдына койгон тапшырмаларды так аткара албайт. Бирок кызматка койгон кожоюнуна абдан жакшы кызмат кылат. Учурда өлкөнүн байлыгы да, өнүгүүсү да жок. Кыргызстандын мамлекет катары башка өлкөнүн уюмдарына жана саясатчыларына эч кандай кызыкчылыгы жок. Биз дайыма суранып гана иштеген элчилер болуп эсептелебиз. Мен эки жыл Малайзияда элчи болуп иштеген кызматкер катары жакшы билемин. Бүгүнкү күндө кыргыз элчилеринин абалы өтө оор. Шарты жана каражаты да жок. Жада калса, майрам күндөрүн өткөрө албайт. Биздин элчилер менен ошол мамлекеттердин уюмдарынын байланышууга кызыкчылыгы жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов чет мамлекеттерге элчи, консулдарды дайындоодо атайын нормалар бардыгын бекемдейт. Анын айтуусунда, элчинин тышкы саясаттагы тажрыйбасы, эл аралык мамилелер боюнча кесиби жана ошол мамлекеттин тилин билүүсү башкы орунда турууга тийиш.

-Элчи эң биринчи ошол өлкөдө Кыргызстанды мамлекет катары татыктуу көрсөтүү керек. Ал эми өлкөгө инвестиция тартуу кылган кызматындагы пункттардын бирөөсү болот. Ошондой эле элчи, консулдар тил билиши керек, өзү дайындалып барган өлкө менен кызматташуунун жолдорун көрө билүүгө тийиш. Мен билгенден Индиядагы элчибиз Самаргул Эркиновна жана Гуанжоудагы консул жакшы иштөөгө аракет кылууда. Алар көргөзмөлөрдү уюштуруп, Кыргызстандын ишкерлерин чакырып, жолугушууларды кылууда. Иштеген элчилерибиз бар, бирок баары эмес.

Деген менен элчи дайындоодо дипломаттык кесиби жок, бул жаатта тажрыйбага ээ эмес, мурда-кийин кайсы бир мамлекеттик кызматта иштеген адамды коюу — союздан калган эски адат катары бааланып жүрөт. Серепчилер мындай тажрыйба Акаев, Бакиевдин башкаруусу убагында да кеңири колдонулуп келгенин белгилешет.

Ушул калыптанып калган көрүнүштөн улам дипломаттардын сапаты төмөндөп бара жатканын эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков билдирди.

Анын айтымында, дипломаттардын санын карап, кайсыл өлкөлөрдө элчиликтер болуусу керектигин аныктоо зарыл.

Эң негизги нерсе — кадр маселеси, андыктан дипломаттарды даярдоо маанилүү. Тажрыйбасыз дипломат өлкөнүн саясатына чоң зыян алып келет. Кызматка дайындалган элчи мамлекеттин каада-салт, тарых, экономикасын үйрөнүп барганы оң. Жумуш бир эле кесип менен чектелбейт. Элчи ар бир адамдын түшүнүгүнө, аң сезимине жараша мамиле жасай алганы маанилүү.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай элчи саясий кызмат катары каралып, бул мамлекеттик дипломатиялык корпусту кармоого эбегейсиз каражат кетет дейт.

-Элчи жана анын кол алдында иштегендер көп деле айлык алышпайт. Мен Японияда жүргөндө кыргыз кызматкерлери жакшы медициналык жана башка тейлөөлөрдү кымбат деп ала алышпайт. Акчаларын үнөмдөп, жүдөп эле жүрүшчү. Ушул нерселерди да эске алыш керек. Элчилердин иштегени да канааттандырарлык деп айта албаймын.

Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин мурдагы кызматкери Адил Турдукуловэлчиликте кесипкөй эмес кадрлар иштейт деген пикирге кошулбайт. Анын пикиринде, дипломатиялык консул жабык орган болгондуктан иши коомчулукка көрүнө бербейт.

-Элчиликтерде билими, тажрыйбасы жетиштүү эле кадрлар иштейт. Мамлекет тарабынан аларга каржы аз бөлүнөт. Эл менен байланыш түзүүгө да акча каралышы керек. Бирок Кыргызстандан берилбегендиктен элчилерибиз өз каражатынан иштетип, жумуштарды жасоого аракеттенүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. Чет жерлерде Кыргызстандын 30 дипломатиялык өкүлчүлүгү, сегиз консулдук бөлүмү бар. Алардын арасындан өлкөнүн Малайзия, Индия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Ооганстандагы элчиликтеринде жетекчилер дайындала элек. Учурда кадрларды тандоо жүрүп жатканын тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM