Биз менен байланышыңыз

Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды

Саясат | 26 Сен 2018 | 943 | 0

Кыргыз Республикасынын акыйкатчылыгына болуп КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” фракциясы Маматурайим МомуновРита Карасартова жана Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы болсо Канат Азизди сунуштады. Бирок Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салды.

Парламенттин жалпы жыйынында талапкерлер депутаттарды өз программалары менен тааныштырып, суроолоруна жооп беришти.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев негизинен Акыйкатчы институту өлкөгө зарылдыгын белгиледи. Бирок азыркыдай иштесе институттун зарылчылыгы жоктугун айтып, ким шайланса дагы жарандардын укуктарын коргоого системалуу мамиле кылууга чакырды.

-Акыйкатчынын укуктары жетиштүү эле. Эгерде укуктарды коргоодо мыйзамга өзгөртүү керек болсо укук коргоо органдарына кайрылып сунуштарын берсин. 

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөр жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын реформалоо боюнча талапкерлердин оюна кызыгышты. Талапкер Токон Мамытов бул тармактын түзүмүн өзгөртүп, тиешелүү деңгээлде каражат бөлүп берүү, бул система боюнча укуктук-ченемдик актыларга көңүл буруу, кадр саясатын жолго коюу керектигин билдирди. Ал эми Рита Карасартова болсо жаза аткаруу боюнча кыргыз элинин мурда колдонулуп келген алгылыктуу ыкмаларын колдонуу, көбүнчө айыппул салууну киргизүү керек деген ойдо.

Депутат Жанар Акаев Мамытовдун талапкерлигине каршы экенин билдирип, эгерде кызматка шайланып калса, бийликтин тилин уккан жетекчи болорун белгиледи.

-Менин жеке пикиримде, Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланса, парламент коомчулуктун катуу сынына кабылат. Бийлик, акыркы учурда элдин кыжырына тийген талапкерлерди чыгарып жатасыңар. Таң калам силерге мындай талапкерлерди кайдан табасыңар? Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлериңердин бирөөсүнө да эл ыраазы эмес. Коомчулук кыжырланган сайын силер үстөкө-босток элге жакпаган талапкерди сунуштап жатасыңар. Биз Акыйкатчы институтунда реформа болуш үчүн эрки бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай адамдар талапкерлердин арасында бар.

Акыйкатчылыкка аялдар барса туура болот деген депутат Карамат Орозова аталган кызматка аялдардан жалгыз талапкер болуп жаткан Рита Карасартованы колдоого чакырды.

-Акыйкатчылыкка мээримдүү, боорукер адам керек. Андай сезимдер энеде көп болот. Талапкер 4 мырзабыздан 1 аял талапкерибизге мүмкүнчүлүк берүү боюнча ойлорун угайын дегем.

Ал арада парламенттин жыйынында суроолорго чек коюлуп, талапкерлерге добуш берүү башталды.

Жогорку Кеӊеште бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында акыйкатчылыкка КСДП парламенттик фракциясы тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Токон Мамытов шайланды. Ал депутаттардын 79 добушуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Өз кезегинде Токон Мамытов депутаттарга ыраазычылык билдирүү менен бирге, алар тарабынан айтылган пикирлер менен берилген сунуштарды такай эске алып, ишенимди актоого баардык аракетин жумшай турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Токон Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Пржевальск педагогикалык институтун, андан кийин СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун жана институтун бүтүргөн. Генерал-лейтанант, профессор наамы бар. Ал буга чейин премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп турган.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM