Биз менен байланышыңыз

Дипломатиялык паспортту жеке ишине колдонгондор

Кыска кабар | 25 Сен 2018 | 764 | 0

Жогорку Кеңеште эмгек жана социалдык өнүгүү министри жана анын орун басарларынын чет өлкөгө сапарларын текшерүү маселеси көтөрүлдү. Эл өкүлү Аида Касымалиева министрликтердин кызматкерлери чет өлкөгө окууларга адисттерди эмес өздөрүн жаздырып алышаарын белгиледи. Ошону менен бирге окуутууларга барган жетекчилер семинарларга катышпай эле эс алып жүргөнүн кошумчалады.

Зууракан Каденованын окуясынан кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова тууралуу дагы маалыматтар чыга баштады.

Тактап айтканда, Исакунова министрликтин атайын адистерине билимин жогорулатууга чет өлкөдөн келген чакырууларга үй-бүлөсү менен барган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Маалыматта министр Исакунова атайын окууларга өзүн жана орун басарларын жаздыраары белгилүү болгонун айткан.

Мисалы, министр 2017-жылдын 2-8-февралына чейин күйөөсү менен Сауд Арабияга барган. Премьер-министр уруксат бербесе да эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен бир нече мамлекетке чыгып келген. АКШга, Санкт-Петербургга барган. 2018-жылы Лондонго күйөөсү барган. Италияга сапар жасаган. Ага министрликтин акчасы кеткен. Министр, анын орун басары чет өлкөгө көбүнчө окууларга чыгат экен. Атайын адистерге чакыруу келет, бирок алар өздөрүн жаздырып коюшат. Көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдонушат.

Мындан тышкары, депутат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин экс-орун басары барган семинарга  экономика министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Айнура Жакыповада барганын кошумчалады. Бирок Жакыпова 10 күндүк семинарга катышпай эле өзүнө косметологиялык операция жасатып жүргөн. Мындай маалыматты депутатка мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарын каржылаган КОИКА долбоорунун өкүлдөрү айткан. Бул тууралуу Касымалиева парламенттин жалпы жыйынында айтып чыгып, протоколдук тапшырма бере турганын белгиледи.

Ал ортодо Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, министрдин орун басары Лунара Мамытованын дарегине айтылгандар тууралуу комментарий берди.

Министрликтин маалыматында, Лунара Мамытова министрдин орун басары кызматына 2016-жылдын 15-ноябрында келген. Анын ишмердүүлүгү учурунда чет өлкөгө үч жолу чыгып келген.

-Мамытова 2017-жылдын 18-29-сентябрына чейин Италиянын Турин шаарына Эл аралык эмгек уюмунун 7-сессиясына катышуу үчүн барган. 2018-жылы 30-апрелден 11-майга чейин АКШда өткөн социалдык коргоо тармагы боюнча курска катышкан. Аталган иш-чараларга Лунара Мамытова чакырылып, бардык чыгашаларды чакырган тарап төлөгөн. Курстар англис тилинде өткөрүлгөн. Лунара Мамытова Хайнань аралына баруу үчүн дипломатиялык паспорт колдонгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мамытова ал жакка эмгек өргүү учурунда өзүнүн каражаты менен барган. Ал өзүнүн сапарлары тууралуу жетекчиликке алдын ала эскертип койчу.

Көп өтпөй эле Башкы прокуратура аталган министрликте пландык негизде текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык,  министрликте ушул жылдын 12-сентябрында мекемеде мурун иштеген кызматкерге дипломатиялык жана кесиптик паспорттор колдонуу үчүн берилген. Паспорттор министрликтин адамдык ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген.

Башкы прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Мындан тышкары, текшерүү учурунда министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштеринде колдонушканы аныкталды. Учурда бул багытта иликтөө иштери уланууда. Анын натыйжасында жооптуу кызматкерлерге юридикалык баа берилмекчи.

Жогоруда айталган аракеттер кыргыз коомчулугунда катуу сынга кабылды. Андай көрүнүш башка министрликтерде дагы бар экенин эксперттер белгилейт. Ошондуктан башка ведомстволорду дагы текшерүү керек деп эсептешет.

Мурдагы Аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев мамлекеттин эсебинен сыртка өзүнүн кызыкчылыгы үчүн баргандар дициплинардык гана жоопкерчиликке тартылат дейт.

-Чет өлкөдөн министрликтин адистерине келген чакырууларды мекеме жетекчиси менен орун басарларына жаздырып коет. Бизде мындай көрүнүштөр көп. Муну министрликтеги коомдук кеңеш көзөмөлдөп туруусу керек эле. Жада калса парламентте депутаттар чет өлкөгө канча жолу чыкканы айтылып турат. Бирок аларда деле жашырып койгон фактылар бар. Менимче чет өлкөгө болгон иш сапарларды тескей турган кызматкерлер өз ишин жакшы алып бара албай жатат. Бул жөнүндө өкмөт өзү чара көрүүсү зарыл.

Буга чейин дагы дипломатиялык паспорт менен эс алууга чыгып келген кызматкерлер тууралуу маалыматтар айтылып келген. Мындан улам аталган үлгүдөгү паспорт менен кызматкерлерди расмий командировкаларга гана жиберүү сунушун юрист Кайрат Осмоналиев  айтты.

-Мисалы, аэропорттон дипломатиялык паспортту көрсөткөндө иш сапардын күбөлүгүн да талап кылуу керек. Муну азыр аэропорттон эч ким текшербейт да, сурабайт дагы. Бул жалпы комплекстүү проблема болуп жатат. Аны көзөмөлдөгөндөр да жок. Ошону үчүн ызы-чуу маселелер чыгып жатат.

Эске салсак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Таалайгүл Исакунова 2016-жылдан бери иштеп келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM