Биз менен байланышыңыз

Быйыл түшүм жакшы болду

Кыска кабар | 24 Сен 2018 | 888 | 0

Бүгүнкү күндө республика боюнча түшүм жыйноо ишинин 80 пайызы жыйынтыкталды. Быйыл 2017-жылга салыштырмалуу  өсүмдүктөрдүн түрү көбүрөөк өстүрүлгөн. Ошону менен бирге түшүмдүн көлөмө жогору болгон. Азыркы күндө дыйкандар пахта, жүгөрү жана шалыны оруу менен алектенишүүдө.

Кыргызстанда эгиндердин түшүмү жакшы болду. Алсак, быйыл республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрү  432 миң гектар аянтына эгилген. Жалпы анттын 96% жыйналган. Андан алынган орточо түшүмдүүлүгү 25,5 ц/га түзүп, өткөн жылдан 0,5 центнерге көп берген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министринин  өкүлү Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусуунун Суусамыр өрөөнүнөн башка аймактарда толугу менен аяктады.

-Республика боюнча  буудай жыйноо иштери 247,2  миң га аянтта жүргүзүлүп, жыйналуучу аянтка карата 97,2 % түздү, же өткөн жылдан 10,9 миң га көп жыйналды.  Республикада  буудай боюнча эң жогорку түшүмдүүлүккө Жалал-Абад, Талас, Чүй облусунун дыйкан-фермерлери жетишишти. Ал эми арпа 451  миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 11,4 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй жана Жалал-Абад облустарында болду.

Тиешелүү министрлик кабарлагандай, жүгөрү жыйноо иштери жакшы темпте жүрүүдө. Ушул күндө жүгөрүнүн 60 миң гектары жыйналган. Ал эми чанактуу дан өсүмдүктөрдү, башкача айтканда төө буурчак 34 миң гектар жерге эгилип, анын жарымы жыйналып бүткөн. Төөбуурчактын түшүмү өрточо болгон.

Талас облусундагы дыйкан Эмир Парпиев 12 гектар жерге төөбуурчак эгип, учурда түшүмүн чогултууда. Дыйкан төөбуурчактын түшүмү орто болгонун жана баасы арзан болуп жатканын айтты.

-Азыр төөбуурчактын баасы бизди канааттандырбай жатат. Баасы учурда 35-40 сом болууда. Бул дыйкандар үчүн аябай эле арзан баа. Эгилген төөбуурчактарды жулуп койдук. Аны жөөктөп жатабыз. Үч-төрт күндө кургаса чогултабыз.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында пахта, күрүч жана жүгөрү кызуу жыйылналып жаткан кези. Араван районунундагы дыйкан Пайзилла Мирзабарановдун айтымында, пахтанын түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 ц/га көп болгон.

-Бизде күн жылуу. Күзгү жыйноо иштери 15 күндүн ичинде бүтүп калат. Техника жана күйүүчү май жетиштүү.  Ал эми бошотулган айдоо жерлерге кайрадан күздүк буудай себүүгө аракеттер башталган. 

Негизинен быйыл пахтанын аянты 23,0 миң га түзүп, былтыркы жылга катара 2,5 миң га көп себилген. Ал эми Талас жана Чүй облустарынын картөшкө өстүргөн дыйкандары  гектарынан 177,1-178,9 центнерден түшүм  алышууда.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жашылча өсүмдүктөрү ойдогудай түшүм бере алган эмес. Ага карабастан дыйкандардын эмгеги бааланып, түшүмдүн баасы жогору болгонун райондун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

-Дан эгиндер бышып, жыйналып бүткөн. Жүгөрү орулуп жатат. 

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча түшүм жыйноо ишинин 80 пайызы жыйынтыкталды. Буга катар күзүндө 154,1 миң гектар жерге күздүк эгин себилет. Берилген отчетторго ылайык, 2017-жылга салыштырмалуу быйыл өсүмдүктөрдүн түрү көбүрөөк өстүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM