Биз менен байланышыңыз

Зууракан Каденова Сеулда чаң салды

Саясат | 24 Сен 2018 | 966 | 0

Зууракан Каденованын окуясы интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшүп, ага сын айткандардын аягы үзүлө элек.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас болуп кирип чаң салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Бирок Исмаилова мас кыргыз чиновнигинин атын ачыктаган эмес. Болгону «Биздин министрликтердин биринде иштеген мас аткаминердин айынан учак убагында учпай калды» деп жазган.

Ушул эле күнү 22-сентябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктады. Учактын ичинен чыр чыгарган аял киши болсо Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова болуп чыкты. Түштүк Кореядагы кыргыз элчиси Кылычбек Султанов окуянын чоо-жайын «Марал» радиосуна айтып берди.

— Авиакомпания менен аэропорттун кызматкерлери бизге чалып, жардам сурап кайрылышты. Алар «Кыргызстандын дипломаттык паспорту бар жараны ызы-чуу кылып баш бербей жатат» деген маңызда айтышты. Бул чалуу консулга келип түшкөн. Консул менден уруксат сурап аэропортко дагы бир кызматкерди кошуп жөнөттүм. Алар аэропортко түштөн өтүп барышты. Кызматкерлерибиз барганда ал айым (Зууракан Каденова) эки полиция жана аэропорттун эки кызматкерлеринин коштоосунда экен. Самолёт болсо учуп кетиптир.

Каденованын айынан Сеул-Алматы багыты аркылуу учкан Air Astana авиакомпаниясынын учагы 2 саатка кармалып, жүргүнчүнүн баары түшүрүлүп кайра каттоодон өтүшкөн.

Элчинин айтымында Зууракан Каденова ошол эле күнү Кыргызстанга кетем деп кеп-сөзгө келген эмес. Бирок ал чыр салган Air Astana авиакомпаниясы Каденованы «кара тизмеге» киргизгенин айтып, алып кете алышпасын түшүндүргөн. Анын үстүнө кеч болуп кеткендиктен учакка билет табылбай элчиликтин кызматкерлери министрдин орун басарын Инчондогу жатаканага алып барып жаткырышкан.

Зууракан Каденованын чет жактагы чырлуу окуясы мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, сыртка чыккан аткаминерлердин жүрүм-туруму дегиле кадр саясатын козгоду. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Каденова ачыкка чыгып калган гана чиновник экенин айтып, көп кыргыз чиновниктери чет мамлекетке максатсыз эле каражат коротуп барып келишерин сынга алды.

— Бул биринчи жолу гана болуп жаткан окуя эмес. Тилекке каршы өкмөттө дагы Жогорку Кеңеште дагы өтө төмөнкү деңгээлдеги адамдар иштешет. Канча депутат канча жолу чет жакка барып келди, эмне ишти бүтүрүп келди? Эч нерсе жок. Баары чет мамлекетти көрүш үчүн, тайраңдап эс алыш үчүн эле барышат. Чет жакка баргандардын 90 пайызынын иши майнапсыз, жыйынтыксыз. Жөн эле 2017-2018-жылы кылышкан иш сапарларына анализ кылып көрсөңүз баары ачыкка чыгат.

Ал ортодо Зууракан Каденова президент Сооронбай Жээнбековдун жээни деген маалыматтар тарады. Көп өтпөй президенттин аппаратты бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Ошондой эле өлкө башчы бул окуяны тактоону Тышкы иштер министрлигине тапшырып, эгер Каденованын чуусу чын чыкса премьер-министрге чара көрүү тапшырмасын берди.

Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын Президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз.

Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоодо. Аныктыгы такталса, Премьер-министрге ал министрге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койду. Бирок Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова премьер-министр шашылыш чечим кабыл алганын айтып жатат.

— Кандай болгон күндө да тактап, укуктук негизде себептерин, жагдайларын айтып туруп атайын берене менен кетириш керек болчу. Эгер чындап эле күнөөсү бар болсо ушундай адамдарга кайра мамлекеттик кызматка келүүсүнө чекит коюп коюш керек. Булар болсо ушундай чатак чыкканда кетирип коюшат. Анан качан эл унуткандан кийин эки жылга жеткирбей кайра жылуу-жумшак креслого алып келип отургузуп коюшат.

Элчиликтин маалыматында Зууракан Каденова 23-сентябрда кайра эле Сеул-Алматы багыты менен Air Astana авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга кеткен. Каденованы Кореяга окууга алып кеткен тараптар Air Astana менен сүйлөшүү жүргүзүп аталган авиакомпания аны алып кетүүгө макул болгон.

Зууракан Каденова 1971-жылы Ош облусунда төрөлгөн. 1994-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ош техникалык университетинде мугалим болуп баштаган. 2012-2013-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп 2015-жылдан бери иштеп келе жаткан. Кореядагы окуя боюнча өзү азырынча үн ката элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM