Биз менен байланышыңыз

Бабанов бийлик менен соодалаштыбы?

Кыска кабар | 20 Сен 2018 | 693 | 0

Учурда «Республика-Ата Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго козголгон иш токтоп турат. Анткени УКМК козголгон кылмыш иши боюнча суроо-талаптарга жооп күтүп жаткандыктан, иш токтоп турганын белгиледи. Бул жооптон кийин коомчулук Бабановдун иши жабылып, акталышы мүмкүн деп божомолдошууда. Ал арада саясат талдоочулар Өмүрбек Бабановду бийлик менен сүйлөшүүгө барган дейт.

19-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаев экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин тагдыры тууралуу кепти козгоду. Эл өкүлү козголгон кылмыш иш тууралуу УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдон сурады.

— Президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл болду. «Республика-Ата Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго шайлоонун негизинде Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө «улуттар аралык кастыкты козутуу» бар деген кылмыш иши ачылды. Беш эл аралык уюм жана биздин эксперттер улуттар аралык кастыкты козутуу жок экенин билдиришти. УКМК, материалдарды карап көрдүңүздөрбү? Кылмыш ишинин тагдыры кандай болуп жатат.

Ал эми УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун айтымында, материалдар кылмыш ишинин алкагында каралып жатат.

-Суроо-талаптарыбызга жооп күтүп жаткандыктан ишибиз токтоп турат.

Кадыркуловдун билдирүүсүнөн кийин коомчулук Бабановго козголгон кылмыш ишинин тагдырын түрдүчө талкуулай баштады.

Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты Ишенбай Кадырбеков Бабанов бийлик менен сүйлөшүүгө барган дейт. Ал сүйлөшүүгө барганы үчүн  козголгон кылмыш иши токтоп турат деп түшүндүрдү.

-Өмүрбек Бабановго жакшы саясатчы эмес, абалга жараша өзгөргөн саясатчы катары баа берсе болот. «Республика » биринчи жолу шайлоого катышканда партия эмес бизнес долбоор деп айтканмын. Бул айткан сөз туура эле чыгып жатат. Бул бизнес долбоору жакшы алдыга кетпей калып, лидери саясаттан кетмин деп чыкты.

Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, бийлик менен сүйлөшүүлөргө жараша Бабанов кайра саясатка келүүсү мүмкүн. Соодалашууда 2020-жылы парламенттик шайлоого партиясы барбай турганын жана башка нерселерди убадаланышы ыктымал. Анткени ал инсан саясатта туруктуу эместигин көрсөткөн.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 30-декабрда депутаттык мандатынан баш тартып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Мындай чечимге ал президенттик шайлоонун алдында командасына көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албай калса, саясаттан кетем деп убада бергени менен түшүндүргөн. Бул «Республика — Ата-Журт» партиясына орду тогус жоготуу алып келээрин депутат Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде айтканы бар эле.

Анын айтымында, партияны лидер гана түзөт. Ошондуктан Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги менен «Республика — Ата-Журт» партиясы элестетилет.

-Фракциянын иши мурункудай бобойт. Эгерде шайлоолор боло турган болсо партиябыз жарышка чыгабы же жокбу деген маселе турат. Шайлоого катышчуу болсо, анда кайсы каражат менен? Менимче, азыркы күндө партияда Бабанов жок болсо, мен каржылаймын деген депутаттар жок болсо керек.

УКМКнын мурунку төрага орун басары Марат Иманкулов Бабановго коюлган күнөөдө кылмыштын курамы жок болгондуктан иш токтоп турат дейт. Анын пикиринде, кылмыш иши жетишсиз маалыматтардын негизинде козголгон.

-Үгүт учурунда сүйлөгөн сөздөрүнүн видеосун көргөнмүн. Анда кылмыштын белгилери жок. Бабанов менен байланышым жок, жада калса көрүшкөн да эмесмин. Бул иш баары бир жабылат болушу керек. Анткени кылмыштын курамы көрүнбөйт.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми ушул эле жылдын 28-марттында ага «мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн» деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Учурда Бабанов Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн Руслан Казакбаев кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM