Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Мыкты кадрлар жетиштүү, болгону аларды туура тандоо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 944 | 0

Мыкты кадрлар жетиштүү, болгону аларды туура тандоо зарыл. Мындай оюн мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматка жетекчилерди тандоо жана шайлоо боюнча мыйзам иштеп чыгарыш керек.

«Мисалы, «министр болуу үчүн бир нече тепкичтерди басып өтүш керек» деген эреже болушу керек. Мыкты кадрларды жумушсуз калтырбоо зарыл. Анткени мыкты кадр даярдоо үчүн 1 млн сом кетет. Бизде кадр берилген кызматты жетектей албаса дароо жумуштан алынат. Ал эми башка өлкөлөрдө ээлеген кызматынан төмөндөтүлөт. Бизде да кошуна мамлекеттердеги түзүмдөр сакталышы керек», — дейт Маматалиев.

Ал буга кошумча, кадр маселесин өкмөт чечерин белгиледи.

«Татыктуу премьер-министр депутаттарга «бул ишти аткаруу үчүн мага ушул кызматкер керек» деп айтмак. Азыр өкмөт башчы антип айта албай жатат. Өкмөткө, бийликке ишеним болушу үчүн элге пайдалуу бир нерсе жасалышы шарт. Алсак, жарым жылда ИДПнын көлөмү жогорулаганын далилдер менен айтылса эл ишенет», — дейт Маматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM