Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Учурунда мамлекеттик агенттиктер муктаждык үчүн эмес айрым адамдар үчүн түзүлгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 1023 | 0

Бизде СССРден калган тармактык башкаруу уланып келе жатат. Өкмөт алмашкан сайын жаңы түзүм сунушталат. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт — мамлекетти алдыга жылдырган чоң күч. Премьер-министр анын курамына жана түзүмүнө кызыктар болушу керек. Өкмөттүн курамы канчалык туруктуу болсо, ошончолук өнүгүү болот.

«ТИМ, ИИМ сыяктуу айрым министрликтер сөзсүз түрдө туруктуу болушу керек. Ал эми мамлекеттик комитет, агенттиктерди карап чыгуу зарыл. Анткени маселени чечүү үчүн эмес, агенттиктер айрым адамдар үчүн түзүлгөн учурлар болгон. Андыктан өкмөт кээ бир түзүмдөрдү бириктирип, функционалдык анализ жүргүзүп турушу керек. Министрликтерде бири-бирин кайталаган функциялар дагы көп», -дейт Арабаев.

Ал белгилегендей, эгер кадр жакшы болсо, өкмөттүн түзүмүнүн чабалдыгы билинбей калат. Мындан улам кесипкөй адистер кызматка келсе, өнүгүү болот. Ал үчүн өкмөт чыгымдарды азайтып, оперативдүү иштеши абзел.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM