Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун он томдук жыйнагы чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 956 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата анын чыгармаларынын он томдук толук жыйнагы чыгат. Бул тууралуу “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу Жумадин Кадыров “Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыйнакка Айтматовдун бардык чыгармалары, маек, макалалары, биргеликте иштеген эмгектери, айткан сөздөрү камтылат.

Китеп кыргыз жана орус тилдеринде эки жуманын аралыгында жарыкка чыгат.

«Улуттук илимдер академиясы берген тизмеге жараша китептерди таркатып беребиз. Ал бюжеттен каржыланып жаткандыктан сатылбайт. Тагыраагы китепканалардын фондун толуктоо үчүн таратылат. Китеп миң комлекттен чыгат. Буга 6 млн сом сарпталууда», — дейт Кадыров.

Ал белгилегендей, өкмөт Айтматовдун алдындагы кызматын аткарган.

Маалыматка ылайык, басмакана өз каражатына алдын ала жазылуунун негизинде жыйнакты кошумча басып чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM