Биз менен байланышыңыз

Исабеков: Өкмөттүн абалы өтө начар

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2018 | 1069 | 0

Өкмөттүн экономикалык, социалдык абалы өтө начар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн кадр саясаты дагы чеке жылытаарлык эмес.

«Жергиликтүү бийликте иштегендердин 90% Атамбаевдин убагындагы кызматкерлер. Мындайда кайдыга өзгөрүүнү айта алабыз?  Эгер системаны өзгөртсөк бюджеттен бир топ каражат үнөмдөлмөк. Азыр акимдер бирөө кайтыш болгон жерге, тойго барат, комиссия келсе тосуп алат, башка иши жок», — дейт Исабеков.

Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештен бекитилген канааттандырарлык программасы жок экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM