Биз менен байланышыңыз

Исабеков: Парламент бардык маселе боюнча сот, прокурор болуп жатат

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2018 | 948 | 0

Парламенттик жоопкерчилик жок болгондуктан партиялык системанын кереги жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, партиялык системанын жакшы жактарына караганда кемчиликтери көбүрөөк болуп калган. Андыктан коом бүгүнкү күнгө чейин аталган системанын тескери таасирин көрүп турат.

«Партиялык система ушул бойдон кете берсе жакшылыктарды күтпөйбүз. Себеби мындай системада элдин кызыкчылыгы калып калууда. Азыр депутаттардын саны бар сапаты жок. Жогорку Кеңеш өкмөттү эле жаманда калды. Парламент бардык маселе боюнча өзү сот, өзү прокурор болуп жатат», — дейт Исабеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM