Биз менен байланышыңыз

Исабеков: Депутаттар «Кумтөр» маселесин унутуп коюшту

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 869 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөр» маселесин унутуп коюшту. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн тоо-кен тармагы боюнча улуттук концепциясы жок болгондуктан бардык кендерде чыр болуп жатат.

Ал эми президент менен өкмөт башчы кааласа «Кумтөр» боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртө алат. Бул маселени иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзгөндө анын курамына ишти билген мыкты адистерди кошуу зарыл.

«Эмне үчүн азыркы өкмөт «Центерра Голд» ишканасынын вице-президентин алмаштырбайт? Башкаруу кеңешинде Атамбаевдин алгырлары отурат. Алар 20 миң доллардан айлык алганы менен мамлекетке 6 тыйын пайда алып келген жок. Эмне үчүн алардан отчёт алынбайт? Баардык нерсе президенттен көз каранды. Өкмөт башчы президенттин айтканын аткарат», — дейт Исабеков.

Эске салсак, “Кумтөр” алтын кенин 2009-жылкы келишим боюнча «Центерра Голд» ишканасы иштетип келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM