Биз менен байланышыңыз

Исабеков: «Кумтөр» каралып жатканда КСДПнын мүчөлөрү сыртка чыгып кеткен

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 918 | 0

«Кумтөр» боюнча 2009-жылкы келишим бүгүнкү күндө эң жакшы келишим болуп эсептелет. Мындан да жакшы кылсак болмок. Бирок ошол кезде оппозициядагылардын бирөө да келип койгон эмес.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» маселеси каралып жатканда КСДПнын мүчөлөрүнүн баары сыртка чыгып кеткен.

«Эми азыр кыйын болуп жатышат. Анда эмнеге 8 жылдан бери 8 тыйынга өзгөртүү киргизип коюшкан жок. «Кумтөр» боюнча 65 киши өлдү, Кыргызстандын 129 жараны майып болуп калды. Дагы бир тобу компенсациясын ала албай жүрөт. Андан сырткары мөңгү кетти. Жол, экология маселелери турат. Эмне үчүн ушулар боюнча бир да кылмыш иши козголгон жок. Бул партиянын үстүнөн иш козголуп бирок жабылып калган айрым мүчөлөрү Ак үйдө отурат. Коррупция менен күрөшө турган болсо барын бирдей мыйзам чегинде жоопко тартышы керек», — дейт Исабеков.

Ал мурунку президент Курманбек Бакиевге «Кумтөр» боюнча келишим түзгөнү үчүн сыйлык берүү маселесин көтөрүп чыкканын кошумчалады.

«Бир-эки пъеса жазган кишилер дагы баатыр болуп жүрөт. Анан экономикага салымы түшүп турса, мамлекет өндүрүш жагынан жакшы жакка өзгөрүп турса эмне үчүн ал кишилерге сыйлык берилбейт? Сыйлыктар туугандарына, партиялаштарына гана берилип калды. Мындан сырткары Мен Бакиев качып кеткенге чейин тагыраагы 2003-жылдан баштап эле Беларусияга барчумун», — дейт Исабеков.

Эске салсак, “Кумтөр” алтын кенин 2009-жылкы келишим боюнча «Центерра Голд» ишканасы иштетип келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM