Биз менен байланышыңыз

Исабеков: Атамбаев премьер-министр кезинде 16 миң 300 гектар жерди мыйзамсыз берген

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 873 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн ишмердүүлүгүн карап чыгуу боюнча комиссия түзүүнү демилгелесе элдик комиссия түзүүгө болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, комиссияны Жогорку Кеңеш түзүшү зарыл. Себеби мыйзамдарды депутаттар кабыл алат. Тактап айтканда, экс-президенттин кол тийбестигин өзгөртүү үчүн ЖКнын чечими керек. Ал эми элдик комитетте мындай укук жок.

«Эгер Атамбаев ак чыкса азыркы бийлик кечирим сурасын. Жок, күнөлүү болсо анды камалсын. Себеби мыйзам чегинде баары бирдей. Буга чейин бүткөн стратегиялык маанилүү долбоорлорго кеткен каражаттарды да эсептеп чыгуу зарыл. Алсак, 2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда кендин жанында 16 миң 300 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон. Бажы салыктары төлөнбөй алынып келинген материалдар колдонулду. Бирок бир да депутат бул боюнча үн каткан жок. Мен «Кумтөрдү» деп 45 жолу соттошком», — дейт Исабеков.

Ал кошумчалагандай, Атамбаев өзүн сындагандын үстүнөн иш козготуп жүрүп Башкы прокуратура менен УКМК экс-президенттин желдеттериндей болуп калган. Аталган эки орган кимди караса бийлик ошол адамдын колунда болуп калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM