Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: «Жунда» талаптарды толук аткарган жок

Күн чекит | 19 Сен 2018 | 1685 | 0

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунун иши менен таанышты. Буга чейин аталган кытайлык заводдун айланасында маселе көтөрүлүп, жергиликтүү тургундар ишканадан чыккан түтүн айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатканын айтып арызданышкан.

Элдердин дооматы жана «Жунданын» ишмердиги тууралуу парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев биздин суроолорго жооп берди.

Марал: Тармактык комитет «Жунда» заводуна буга чейин дагы барган. Анда коюлган талаптар аткарылыптырбы жана кайсы иштер жасала элек экен?

Кожобек Рыспаев: Комитет заводдо буга чейин эки жолу көчмө жыйын өткөргөнбүз. Бул жолу анда коюлган талаптар, тапшырмалар аткарылдыбы көрөлү деп бардык. Бул завод Жайыл районундагы Ак-Башат жана Талды-Булак айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан. Аталган айылдын тургундары «ишкана жумушчуларды бүт эле сырттан алып, жергиликтүүлөрдөн 10 чакты эле кишини гана киргизип көз боёмочулук кылып жатат» деген арыз түшкөн.

Андан тышкары парламент комитети тазалоочу «сток» деп коёт аны салып, шаардык водоканал менен келишимди кайра түзгүлө деп тапшырма бергенбиз. Андан тышкары борбордук жана тоо кен тармагы боюнча иш алып барган профсоюз менен чогуу иштешкиле дегенбиз. Өзүңөрчө профсоюз уюштурбагыла анткени ушуну менен экинчи жолу профсоюздун башчысын кызматтан кетирип жатасыңар деген талаптар болгон.

Марал: Жыйынтык кандай экен. Талаптар аткарылыптырбы?

Кожобек Рыспаев: Бүгүнкү күндө талаптардын бардыгы эмес, айрымдары аткарылыптыр. Алар заводдун аймагына тазалоочу жайды оңдоп курушуптур. Ал ишканадан чыккан сууларды тазалап анан борбордук канализацияга куюлат. Бирок биз ишканага өзүнчө тазалоочу жайды кургула, калдыктар ошол жакта калсын деп жатабыз.

Марал: Ал эми жергиликтүү тургундар «Жунда» заводунан зыяндуу заттар, жагымсыз жыттар чыгат деп нааразы болуп келген эле. Элдин айткандары канчалык жүйөөлүү?

Кожобек Рыспаев: Элдин нааразычылыгынан улам биз адистерди ишке тартканбыз. Алар текшерүүлөрдөн кийин экологияга ченемден ашык зыян келтирилбегени аныкталганын айтышты. Экотехинспекция дагы текшерүү жүргүздү. Азыр болсо экологиялык маселелерди адистер жана шаардык кеңеш менен бирге чечүүнү карап жатышат. Ал жакта чыгып жаткан жагымсыз жытты башка жабдыктарды алып келип анан бүтөш керек экен. «Жунда» аны жакын арада ишке киргизебиз деп убада берди.

Марал: Ишкананын өзүнө келе турган болсок. Учурда канча көлөмдө продукция өндүрүп жатат?

Кожобек Рыспаев: Эгер завод толук көлөмдө иштесе 800 миң тонна май өндүрмөк. Азырынча анын жарымын, 450 миң тонна чыгарып жатат. Жылына 2 млрд сомдон ашык салык төлөшүүдө. Жалпылап алганда ишканын жумушу жакшы. Бул завод менчик болуп эсептелет. Алар иштеш керек. Ошол эле учурда экологияны дагы бузбаш керек. Дагы бир маселе ишкана жайгашкан Жайыл району жана Кара-Балта шаарына жардам бериш үчүн көз карандысыз фонд түзгүлө дегенбиз. Алар болсо «спорт зал салганбыз» деп айрым жардамдарын мисал кылып жатышат. Бирок биз өзүнчө фонд түзгүлө дедик. Алар бул маселени жетекчилери менен сүйлөшөбүз деп калышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM