Биз менен байланышыңыз

Дордойдо кытайлар бааларды арзандатууда

Кыска кабар | 18 Сен 2018 | 820 | 0

Кыргызстанда кыргыз ишкерлери менен кытай ишкерлеринин ортосунда бирдей эмес атаандаштык пайда болду. Бул өз кезегинде жергиликтүү ишкерлерге оордук жатат. Мындай пикирди “Дордой” базарынын жеке ишкерлер профсоюзунун жетекчиси айтты. Ошондой эле  аталган базарда иштеген сатуучулар да кытайлар базарды өздөрүнүн арзан товарлары менен ээлеп баштады деп кабатырланууда.

17-сентябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бизнес коомчулугу менен жолугуп, алардын сунуштарын жана көйгөйлөрүн укту. Отурумда “Дордой” базарынын жеке ишкерлер профсоюзунун жетекчиси Дамира Долоталиева аталган базардагы кыргыз сатуучулардын көйгөйүн президентке жеткирди.

Анын айтымында, учурда «Дордой» базарында иштеген кыргыз сатуучулар кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Аткени Кытайдын ондон ашык ишкери келип, базардагы бааларды жасалма жол менен түшүрүүдө.

-2016-жылы күздө Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү татаалданткан. Кытайлык сатуучулар өлкөсүнөн жогорку жеңилдиктерди жана мамлекет, өндүрүш тармагынан  да колдоо алууда. Бул тең эмес атаандаштыкты пайда кылып, он миңдеген биздин сатуучулар ишкерлигин уланта албай калууда. Азыр базарда демпингдик баа жүрүүдө. Ошондуктан президент кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоп берүүсүн сурамын. Буга бизнес коомчулугу менен биргеликте жумушчу топ түзүп, чет элдик ишкерлерге берүүчү квотаны караш керек. Кыргыз ишкерлерине виза берүүсүн маселесин да чечүү зарыл.

Бүгүнкү күндө «Дордой» базарына товардын басымдуу бөлүгү Кытайдан ташылып келет.  Ошондой эле, акыркы мезгилде базарда кыргыз бренди менен тигилген кийимдер да көбөйүүдө.

Эмилбек Абакиров аталган базарда көп жылдан бери соода менен алектенип келет. Акыркы күндөрү базарда жасалма жол менен товарлардын баасы төмөндөп жатканын билдирди.

-Чындыгында Дордойдо кытайлар көбөйүп кеттим. Өзүм деле товарды ошолордон дүң баада сатып аламын. Алар Кытайдан түз алып келишет жана товарларынын баасы арзан болот. Ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгарган кийимдер кымбат болуп калат. Ошондуктан көп сатуучулар нааразы боло баштады.

Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын 80 пайызы Кытайдын жарандары түзөт. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында жумушка орношууга уруксат алган Кытайдын 8 миң 760 жараны бар. Өлкөдөгү кытайлардын саны 100 миңге жеткендиги тууралуу кептер чындыкка туура келбейт.

2018-жылдын 1-сентябрына карата өкмөт бекиткен чет өлкөлүк адистер үчүн квота 16 миң 490ду түзөт. 24 уруксат берүүчү комиссиянын жыйынтыгы боюнча 10 миң 961 чет өлкөлүк адис Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат алган. Кыргызстандын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жалпы санынан Кытайдын жарандары 79 пайызды түзөт. Андан кийин Түркиянын жарандары, алардын саны 650гө жетет. Андан соң Түштүк кореялыктар – 256 адам. Андан кийинки орундарда Пакистан, Өзбекстан, Украина жана АКШ турат. Бул 60тан 150гө чейин адамдар.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Суравалдиева өлкөдө чет элдиктерге жумушка орношуу үчүн берилүүчү квоталарды кылдат кароо керектигин айтат. Ошону менен бирге ата мекендик ишкерлер менен инвестордун ортосундагы аралыкты так белгилөө керектигин кошумчалады.

-Парламентте да квота маселеси абдан кызуу талкууланган.Ортодо топ менежмент, инвесторлор жана сырттан келген адамдардын ортосунда айырма кылуу керектиги сөз болгон. Квоталарды экономика министрлиги эмес, коопсуздук кызматы да жакшылап кароо керек. Биринчи орунда биздин мамлекеттин жарандарына жумуш ордун түзүп берип, кызыкчылыгы каралышы зарыл.

Ал эми экономист Эрлан Камалов «Дордойдо» түзүлүп жаткан акыркы кырдаалга виза маселеси таасирин берип жатат деген пикирде.

Анын айтымында, ата мекендик өндүрүүчүлөр сырьену сырттан сатып алып, андын даярдалган продукция кымбатка түшөт. Мындан улам кытайлар менен атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн.

-Азыр ата мекендик өндүрүүчүлө атаандаштыкка туруштук бере албай жатканы байкалат. Бул жагынан алып караганда бажы төлөмдөрүн да мамлекет карап чыгуусу керек. Бизде тигүүчүлүк артыкчылык берилген тармак болуп эсептелгендиктен жеңил өнөр жайга келип жаткан чийки заттарды да карашыбыз керек. Өлкөдө мата кездемелер чыкпайт. Бажы саясатында жогорудагы маселелерди кароо зарыл.

Бүгүнкү күндө базарда туруктуу 30 миңден ашык ишкер соода жүргүзсө, анын айланасында иштегендер менен 100 миңге жетет. Дордойдо жылына 10 млрд долларга чейин капитал айланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM