Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Акыйкатчынын айлыгы канча экенин билбейм

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 1018 | 0

Адам укугун коргоону, Акыйкатчы институнун жумушун бир-эки тепкичке жогору көтөрүүнү каалап, акыйкатчылык кызматка талапкерлигимди көрсөттүм. Мындай оюн Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал айрым саясатчылардын укук коргоо тармагында иштегендер акыйкатчы боло албайт деген пикирин четке кагат.

«Адам укугу дегенде алгач БУУну эстейбиз. Анда мүчөлөрдүн 99% мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен жетекчилер, эл аралык мыйзамдуулук боюнча дипломаттар жана башкалар. Европада дагы укук коргоо органдары менен байланышы бар адамдар акыйкатчы болуп шайланат», — дейт Мамытов.

Ал акыйкатчылык кызматка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн программасында эл билбеген багыттарды камтыган реформалар жок экенин белгилейт.

«Талапкерлердин программасы окшош. Чечкиндүү түрдө программалар жокко эсе. Менин программамда бир-эки өзгөчөлүктөр бар. Аны азырынча айтпай турайын. Мен генералдык персоналдык пенсия алам. Ассамблея коомдук уюм болгондуктан бюджеттен бир тыйын дагы албайт. Ал эми акыйкатчынын айлыгы канча экенин билбейт экем», — дейт Мамытов.

Эске салсак, КСДП фракциясы акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM