Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Акыйкатчылык боюнча президент менен маселе жаралган эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 829 | 0

Акыйкатчылыкка менин талапкерлигим боюнча президент Сооронбай Жээнбеков экөөбүздүн ортобузда маселе болгон эмес. Мындай пикирин Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Мамытов өлкө башчы менен коррупция, терроризм, ички жана тышкы байланыш, уюшкан кылмыштуулук жана башка маселелер боюнча көп сөз болгонун айтат.

«Сооронбай Жээнбековду илгертен бери билем. Бул киши менен парламентте отуруп, өкмөттүн жыйындарында бирге катышып  калдым. Жээнбеков Ош шаарынын губернатору болуп турганда 2010-жылкы июнь окуяларында кылчактабай, чечкиндүүлүк көрсөтүп университеттин кыздарын аман алып кеткенине, аймактардан топтолгон жигиттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп аларды кайра таратып, улуттар аралык мамилени сактаганына таң калдым. Ал коопсуздук боюнча бир топ маселелерди көтөрүп, күч структураларына жардам берген», — дейт Мамытов.

Ал буга кошумча, УКМК, Коргоо министрлиги жана башка кызматта иштеп жаткандар билим жагынан күчтүү бирок тажрыйбасы аз экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM