Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Коррупцияга каршы күрөш элдин арты менен болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 725 | 0

Кыргыз — касиеттүү эл. Коррупцияга каршы күрөш элдин арты менен болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупцияны жеңүү татаал, ал рак сыяктуу. Ачык айкыдык болсо коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин орду чоң.

«10 журналисттин пикири ар башка болушу мүмкүн. Чындык ар ким үчүн ар кандай. Аны эл таап алат. Эл добушун 1000 сомго сатпаган күнү Кыргызстан оңолот. Ал эми мен президент менен жолуксам, коррупция менен күрөшүү, экономиканы өстүрүү маселесин айтам. Экономиканы көтөрүү үчүн насыя эмес ири инвестиция керек» , — дейт Шыкмаматов.

Ал буга кошумча, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн текшерүүгө элдик комитет түзүү демилгесин көтөргөнүн белгиледи.

«Азыр бири-бирибизди күнөөлөп жатабыз. Ар бир чуулгандуу ишти элдик комиссия караса. Эгер Атамбаев ак болсо экс-президент катары кабыл алып кечирим сурайлы», — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM