Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Текебаев акталып чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 915 | 0

Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев акталып чыгат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Текебаевди соттогондор жоопко тартылат.

«Текебаевдин күнөөсүздүгүн “Белизгейт” документи жасалма экени аныктайт. Прокуратура, сот, УКМК органдары жок мамлекет болбойт. Бирок аталган мекемелердин баары мыйзам чегинде иштөөсү зарыл. Адамдын тагдыры менен ойноп, кетирген кемчиликтери үчүн жооп бериши керек», — дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылдан эркинен ажыраткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM