Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Тарых музейиндеги иштердин жыйынтыгы чыгат

Кыска кабар | 18 Сен 2018 | 878 | 0

Тарых музейинин артында куу, күчтүү адам тургандыктан мамлекетке 118 млн сомдон ашык зыян келтирген адамдын аты аталбай жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы дагы 118 млн сом уурдалганын айтууда.

«Кофе кайнаткан аппарат 150 млн сом турат эле? Бир теректин бутагы 150 миң сом экен. Тулпарга окшогон аттар Украинада 2 миң евро. Аны Кыргызстанга жеткирсе ашып барса 3 миң евро болот. Ал эми музейдеги аттардын баасы 25 миң евро. Музейдин ишин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков көзөмөлдөгөн. СМУ-3 курулуш компаниясынын дагы үлүшү бар», — дейт Шыкмаматов.

Маалыматка ылайык, тарых музейи менен ат майдандагы курулуш иштерин СМУ-3 курулуш компаниясы жүргүзгөн.

«СМУ-3 компаниясынын мындай иштерине карабай Атамбаев анын жетекчисине сыйлык берген. Аталган ишкана бир топ турак жайларды, объектилерди салууну улантууда. Баарынын жыйынтыгы чыгат. Себеби азыркы президент эч кимди коргобойт», — дейт эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, СМУ-3 курулуш компаниясы Бишкектин түндүк тарабына туу орнотуп, Ала-Тоо аянтына  Манастын айкелин да жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM