Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: «Белизгейт» боюнча Жолдубаеванын дагы жоопкерчилиги бар

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 944 | 0

«Белизгейт» боюнча мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын дагы жоопкерчилиги бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Белизгейт» боюнча Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева Белизге кат жиберген. Алардан “бизде Ө.Текебаев, А.Салянова, А.Шыкмаматов боюнча документ жок» деген жооп келет. 5614 номурунда башка документ болгон. Ал катты Сегизбаев менен Жолдубаева жок кылат. Демек Жолдубаеванын дагы күнөөсү бар, аны мыйзам өзү чечсин», — дейт Шыкмаматов.

Анын айтымында, Жолдубаева УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге куурчак болгон. Сегизбаев аны каалагандай башкарган.

«Кыйыр тастыктама деген нерсе жок. Келип түшкөн маалымат жашыруун иликтенет. Булар 3 ай кыйкырып, жар салды. Эми парламенттин сессиясына алып чыгып, жарга такайбыз. Жалпы эл билип, талкуулайт», — дейт депутат.

Эске салсак, «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

Бирок айтылган маалыматтарды камтыган кат Кыргызстандын УКМКсына келип түшпөгөнү жана катталбаганы «Ата-Мекен» фракциясынын 14-сентябрында өткөн жыйынында айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM