Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди кимдер куттуктады?

Кыска кабар | 17 Сен 2018 | 1026 | 0

Бүгүн  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Бишкекте аны «Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын» ар облустагы мүчөлөрү аталган партиянын башкы штабынан тосуп алып, туулган күнү менен куттукташты. Ал эми Атамбаевдин жакын санаалаштары жана саясатчылар өздүк майрамы менен куттуктадыбы деп кызыгып көрдүк.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев 62 жашка толду. Бул күнгө карата Бишкекте КСДП партиясынын мүчөлөрү экс-президентти куттуктоо үчүн чогулушту. Ал эми Атамбаев бийликте тургандагы жакын санаалаштары, саясатчылар аны туулган күнү менен куттуктады деп кызыгып көрдүк.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов убагында Алмазбек Атамбаевге «Кыргызстандын баатыры» наамын берүү керек деп сунуш киргизген эле. Эл өкүлү экс-президенттин уюлдук телефонунун номуру болгондо туулган күнү менен куттуктап коймокмун деди.

-Бүгүн туулган күнү экенин билбейт экенмин. Буга чейинки туулган күндөрүнө чакырган деле эмес. Азыр уюлдук телефонунун номуру болгон чалып, жакшы сөзүмдү айтмакмын.

Ал эми КДПС фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Атамбаевдин өздүк майрамы менен куттуктай элек. Бирок даярдап койгон белеги бар .

-Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин өздүк майрамына карата КСДП партиясынын мүчөлөрү чогулганын ММКлардан окудум. Ага чакырылган жокмун. Бирок Атамбаевге белекке китеп даярдап койгонмун.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага Атамбаевге куттуктоо айттыңызбы деп кайрылганыбызда күлүп, эмнеге куттукмакмын деп гана жооп берди.

-Мен эмнеге ал кишини куттуктамакмын? Негизи эле байланышым жок.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова мурунку мамлекет башчынын туулган күнү качан экенин билбей турганын билдирди. Ал Атамбаев бийликте турганда деле өздүк майрамы менен куттуктабаганын айтат.

-Мен бүгүн туулган күнү экенин силерден уктум. Ал кишинин дарегине куттуктоо жибербедим.

Жеке мамилени саясатка аралаштырбаш керек деген эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков Атамбаевди туулган күнү менен сөзсүз куттуктамакчы.

-Өздүк мамилеге эч нерсе тоскоол болбоосу керек. Туулган күн менен куттуктоо ар бир адамдын милдети. Мен ал кишиге байланышсам, уюлдук телефонун көтөрбөдү. Албетте жакшы сөздөрүмдү айтамын.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2016-жылы алтымыш жылдык мааракеси жогорку деңгээлде Бишкектеги «Ала Арча» резиденциясында өткөн. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган даражалуу коноктор катышкан.

Айта кетсек, экс-президент 1956-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM