Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берүүчү элдик комитет түзүлөт

Кыска кабар | 17 Сен 2018 | 740 | 0

«Ата Мекен» фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн элдик комитет түзүүнү сунуштады. Мындай кадамга фракция депутаттары өлкөдөгү чуулгандуу иштерге мурунку президенттин тиешеси бар экенин белгилеп, ишине баа берүү керек дейт. Айрым саясат талдоочулар комитет түзүү менен жыйынтык болбой турганын айтса, кээ бири Атамбаевдин мыйзамсыз жасаган иши аныкталса жоопко тартылат деп билдиришти.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы өлкөдө акыркы кездеги резонанс жараткан чуулгандуу иштерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп баалайт. Мындан улам Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн элдик комитет түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

-Биз элдик комитет түзүү демилгесин көтөрүп чыктык. Азыр эл парламентке ишенбей калды. Комитеттин курамына Алмазбек Атамбаев өзүнүн калыс сүйлөгөн адамын кошсун.  Анан комитет чуулгандуу иштерге экс-президенттин канчалык тиешеси бар экенин аныктап чыксын. Мурун Атамбаев баарына жооп беремин дечү. Эми жооп берсин.

Шыкмаматов белгилегендей, Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо, Чолпон-Ата ат майданын оңдоо, Тарых музейин жаңылоо жана жерлерди рейдерлик жол менен басып алуу иштери Алмазбек Атамбаевге барып такалат. Ошондуктан түзүлгөн комитет Атамбаевди күнөөлү же күнөөсүз экенин далилдөөсү зарылдыгын кошумчалады.

«Ата Мекен» фракциясынын демилгесине парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев кошулат. Бирок андан бир жыйынтык чыгуусунан күмөн санайт.

-«Ата Мекендин» жетекчиси камакта олтурат. Аны чыгарыш керек. Мен Өмүрбек Текебаев адилетсиз камалганын башында эле айтканмын. Анткени маалымат жетишсиз болуп, далил жок эле бир адамдын көрсөтмөсү менен камап коюшту. Буга мурунку президенттин түздөн-түз тиешеси бар экенин түшүнүп турабыз. Алдын ала эле Текебаевди соттун чечими боло электе жамандап, каралоо аракеттери көрүлгөн. Бул боюнча тергөө органдарына тапшырма берүү керек. Бишкек ЖЭБ боюнча мурунку президент  толук чечимди өзүм кабыл алганмын деп жатат. Ушуну текшеришсин. Комитет менимче максатына жете албайт.

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова экс-президенттин ишмердүүлүгүнө баа берүүгө жарандык комитеттин ыйгарым укуктары жеткиликтүү болбой калат деп кооптонду. Анын ордуна парламентте убактылуу депутаттык комиссия түзүлсө, ошондо жыйынтык болмок деген ойдо.

-Элдин колдоосу ар маеселеде керек. Бирок комитет, кыймыл дегендер көп эле болуп жатат. Жарандык коом айтып, чырылдап, ашып кетсе Ак үйдүн алдына чыгып алып арызданат экенбиз. Ошондуктан парламент өзүнүн колундагы укуктарын колдонуп, бул маселени көтөрүп чыкса, бир нерсе чыкмак.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов экс-президенттин ишмердүүлүгүнө баа берүүгө мыйзам жол берет дейт.

-Эгерде түзүлгөн комитет Атамбаев мыйзамсыз иш аракеттерди кылганын аныктап чыкса, анын негизинде укук коргоо органдары аны жоопкерчиликке тарта алат. Эгерде саясат болуп калчу болсо, анда башка маселе.

Ал эми депутат Тазабек Икрамовдун пикиринде, «Ата Мекен» фракциясынын Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу өзүнүн билгени бар болушу мүмкүн дейт. Буга комитет түзүүнүн зыяны деле жок.

-Парламентте Бишкек ЖЭБ, Тарых музейиндеги маселелер боюнча комиссия дагы деле иштеп, аягына чыга элек. Бирок комитет түзсө деле маселе жаралбайт.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришкен. Ал эми 2017-жылы 24-ноябрда президенттик кызматын тапшырган. Бул аралыкта өлкөдө бир топ ири долбоорлор ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM