Биз менен байланышыңыз

Акматова: Бир класста 50дөн ашык окуучу окуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2018 | 801 | 0

Быйыл Бишкекте эки мектеп ачылып, 4 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп колонууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкаралыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Акматова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы мектептер ачылганына карабастан окуучуларга орун жетпейт. Бир класста 50дөн ашык окуучу билим алууда.

«Анткени шаардагы мектептер 76 миң 476 окуучуга ылайыкталган. Бирок учурда 156 миң 855 окуучу билим алып жатат. Бул шаардын сыйымдуулугунан 2 жарым эсеге көп. Орун жок деп окуучуларды кабыл албай коё албайбыз. Мындан улам мектептерди инвентаризациядан өткөрүп, кошумча имараттарды салуу каралууда», — дейт Акматова.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 98 мамлекеттик орто мектеп бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM