Биз менен байланышыңыз

Жумакулова: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектегендердин артында депутаттар да бар

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2018 | 901 | 0

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңеши үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы оптимизация мыйзам чегинде өтө турган болсо гана өзгөрүүлөрдү колдойт. Анткени кадр маселесине келгенде опурталдуу жагдайлар жаралууда.» Мындай оюн аталган министрликтин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бизди медборборлор ирилештирилген соң жетекчилик кызматына ким келиши тынчсыздандырып жатат. Алсак, №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеген Памир Муратовдун «Аман Эл» деген жеке клиникасы бар. Аны алгач өзү жетектеп жүрүп, 2017-жылы аялына өткөрүп берген. Ал эми Октябрь районуна талапкерлигин жиберген Асел Теңизбаева №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жетекчинин орун басары болуп 1 жарым жыл гана эмгектенген. Анын эмгек китепчесинде да көп мүчүлүштүктөр бар. Андыктан Теңизбаеванын чоң мекемени жетектөөгө тажрыйбасы жетишпейт. Депутаттардын ичинен да бул кишилерди колдоп, артында тургандар бар», — дейт Жумакунова.

Анын пикиринде, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оптимизацияланса, башкаруу бир жерде болот. 19 жетекчини башкарганга караганда, 4 адам менен сүйлөшкөн жеңил. Бирок оптимизацияны кылдаттык менен изилдеген соң гана кылуу зарыл.

Жумакунова кошумчалагандай, сапаттуу тейлөө — алгач кесипкөй менеджерден көз каранды. Андыктан кадрды тандоодо жана калкка кызмат көрсөтүүдө мүчүлүштүктөр болбошу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM