Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге убадалаган наам бериле элек

Саясат | 14 Сен 2018 | 836 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси бериле элек. Мындан улам  депутат Ирина Карамушкина Атамбаевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылганына бир жылга чукулдап калса деле төш белгиси берилбегенине нааразы болду. Ал эми президент аппараты экс-президентке «Ак Шумкар» төш белгиси качан тапшырылышы белгисиз экенин кабарлады.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси бериле элек. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сыйлык Алмазбек Атамбаевдин колуна тапшырыла элек.

-Ушул күнгө чейин Атамбаев сыйлыкты ала элек. Ыйгарылган наамдын төш белгиси качан берилиши тууралуу так деле билбейбиз.

Ал арада парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Атамбаевге «Ак Шумкар» белгиси бир жылдан бери тапшырылбай жатканына нааразычылыгын айтып чыкты.

-Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жыл мурда чыккан буйругуна ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле. Бир жыл өтсө да бул буйрук аткарыла элек, буга ким жооптуу, президенттин бул буйругун ким аткарбай жатат? Мунун аягы жакшы болбойт.

Мамлекет башчылык кызматка жаңы киришип жатканда Сооронбай Жээнбеков экс-президентке “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү боюнча жарлык чыгарган. Мындай наам Атамбаевге «элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги, өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн» берилгени айтылган. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, экс-президентке “Ак шумкар” өзгөчө белгиси да тапшырылат.

Президент аппаратынын укук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов наам качан тапшырылышы белгисиз экенин айтты.

-Биз жарлыкты чыгарып, ага кол коюлган. Элге деле жарыяладык. Сыйлык качан тапшырылышын уюштуруу комитети билет.

Юристтер сыйлыкты ыйгаруу боюнча жарлык чыккандан кийин ал өмүр бою кала турганын айтышат. Ошондуктан Атамбаевге берилген “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы тапшырыла элек болсо деле, аны баатыр деп атоого болоорун белгилешти.

Кыргыз Реcпубликасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев Жээнбеков Атамбаевди Ак үйгө чакырып, төш белгини шартуу түрдө тапшырып коюсу керектигин айтат.

Эгерде наамды тапшыруу үчүн Атамбаевди чакырса, мындан баш тартып ал келбей койсо, буга эч ким күнөөлү эмес. Мында убакыт өтүп кетти деген сөз талап кылынбайт. Мыйзам боюнча ыйгарылган наамдар кайтарылып алынбайт.

Кеп болуп жаткан жогорку наам Кыргызстандын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон жарандарга ыйгарылат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наамга татыган адамга «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылат. Адам каза болгон күндө наам анын мураскерине берилип, бирок тагынып жүрүүсүнө тыюу салынат.

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев төш белги экс-президентке тапшырылбай жатканына төмөндөгү жагдайларды атады:

-Эмнеге төш белги тапшырылбай жатканы түшүнүктүү эле. Атамбаевдин командасы коррупциялык иштер күнөөлөнүп жатат. Аларга мурунку башчыбыздын тиешеси бар. Көпчүлүгү камалды. Мындан улам сыйлыкты тапшырып коелу деген демилге көтөрүлбөй калды. Андан башка юридикалык, нормативдик жана укуктук деле себептер жок. Моралдык эле себептер кармап турат.

Кошумчалай кетсек, «Ак Шумкар» төш белгиси өзгөчө алтындан жасалып, жогору жагы сегиз нурлуу, ылдыйкы жагы 16 нурдан турат. Жылдыздын нурларынын, кырларынын жана формасынын чети тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат. Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр гүлчамбары менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборундагы алтын жалатылган фонунда ыйык «Ак Шумкардын» рельефтик сүрөтү жайгашкан. Бул наам ыйгарылгандарга бир топ артыкчылыктарды берет. Маселен, пенсия чегерилет, айрым салыктардан бошотулат жана бейитине мамлекеттик бюджеттин эсебинен эстелик орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM