Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Түркмөнстан Кыргызстандан колдоо күтөт

Күн чекит | 24 Авг 2018 | 1440 | 0

Ушул күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстанда жүрөт. Ал бүгүн, 23-августта өлкө президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугуп, тар жана кеңири курамдардагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты. Эң негизги делген 11 документке кол коюлду. Алар Бишкек жана Ашхабад шаарларынын ортосундагы байланышты түзүү, өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдиктери ортосундагы кызматташуу, айыл чарба, транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтык, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу жана башка тармактар. Эми мындан ары эки өлкөнүн кызматташуусунун келечеги кандай өнүгөт, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов “Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Түркмөнстан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилесинин түзүлгөнүнө көп эле убакыт болгону менен, биринчи жолу стратегиялык өнөктөш болуп жатышат. Ушул кезге чейин стратегиялык өнөктөш боло албай келишкенине эмне себеп болду?

Эдил Осмонбетов: Түркмөнстан эгемендүүлүк алгандан бери өз алдынча саясат жүргүзгөн. 27 жыл ичинде КМШ, батыш мамлекеттери менен эки тараптуу мамилелерди түздү. Бирок акыркы эки жыл ичинде гео-саясий абал аябай өзгөрдү. Борбордук Азия гео-саясаттык кыймыл болуп жатат. Ушундай кырдаалда Түркмөнстан терроризм, экстремизм, экономикалык жактан кооптуу абалда турат.

Кыргызстан менен дипломатиялык мамиле бар болчу, бирок жогорку деңгээлге көтөрүлө элек. Эми президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетик сапары менен барып, дипломатиялык мамиленин жогорку чеги болгон стратегиялык өнөктөш болууга келишишти. Бул абдан жакшы кадам.

Ошол эле учурда Түркмөнстан гео-саясатын Каспий өлкөлөрү, Кавказ, Азербайжан, Иран мамлекеттери менен жүргүзөт. Бирок Борбордук Азия мамлекеттери менен эки тараптуу гана мамилеси бар болчу, тагыраагы өзүнүн кызыкчылыгына маани берчү. Бирок азыр 2018-жылы Борбордук Азия мамлекеттери арасында  гео-саясий кыймыл жанданып, тынчтык жол менен мамилелер курулууда. Эки тараптуу сапарлар да көп жасалып жатат.

Дагы белгилей кетчү жагдай, Түркмөнстандын учурда өзүндө экономикалык каатчылык болууда. Ошондуктан ал өлкө боордош мамлекеттер менен кызматташууга жол издеп жатат. Анын үстүнө Борбордук Азия мамлекеттери арасында Кыргызстандын өзгөчө орду бар. Себеби бизде демократиялык принциптер курулду. Аларда мындай тажрыйба жок. Ошондуктан Түркмөнстан бардык тармакта Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар болууда.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында 11 документке кол коюлду. Бул келишимдер Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү документтер?

Эдил Осмонбетов: Түркмөнстан Кытайга газ сатуу боюнча чоң долбоору бар. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай кирет. Бул алар үчүн маанилүү долбоор. Себеби экономикалык кырдаал оор болууда. Ошондуктан өз продукцияларын башка жактарга сатуунун жолдорун издеп жатышат. Кыргызстан болсо ушул Түркмөнстан, Азербайжан, Каспий мамлекеттери сыяктуу өлкөлөргө транзиттик жол ачса болот. Бирок сөзсүз улуттук кызыкчылыкты жоготпош керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM