Биз менен байланышыңыз

Президенттин Ош облусуна болгон иш сапарынан фотобаян

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 819 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарын жыйынтыктады. Мамлекет башчысы буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапарлары менен болгон.

Президент 16-августта иш сапарынын экинчи күнүндө Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгынын Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты.

Иш сапардын соңунда Жээнбеков Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM