Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 980 | 0

16-17-августта премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Бул максатта бүгүн Абылгазиев баштаган делегация Астанага барды.

Өкмөт башчыны Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев, өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Эрмек Аманбаев  тосуп алды. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз Айжамал Худайбердиева билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугат.

Алар биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

Ошондой эле, IT стартап долбоорлорунун «Astana Hub» эл аралык технопаркына, Казакстандын биринчи президентинин китепканасына, өлкөнүн улутуттук музейине барат.

Ал эми 17-августта Казакстандын өкмөт үйүндө Абылгазиев менен Сагинтаевдин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.  Ушул эле күнү казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны уюшутуралат. Жыйын соңунда эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Кыргызстандан барган делегация курамында вице-премьер министр Женш Раззаков, Экономика министри Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башчысы Калысбек Жумаканов, Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жана башкалар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM