Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна ат салыша турчу командалар аныкталды

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 870 | 0

Көк бөрү боюнча президентинин кубогу Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өтөт, ага 12 курама команда тандалган. Тандоо туру 15-августта аяктады. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Турнир 24-августта башталып, 30-августка чейин уланат.

Ага «Келечек», «Арашан», «Четинди», «Төш Булак», «Бакубат» «Талас», «Ысык-Ата», «Алыкул», «Бакай-Ата», «Сокулук», «Көк-Жал», «Толкун», «Сары-Өзөн», «Рассвет» курамалары каптышат.

Эске салсак, көк бөрү боюнча президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлөт. Акыркы жолу Ош облусунун “Достук” курамасы чемпион аталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM