Биз менен байланышыңыз

Президент: ОшМУ эл аралык рейтингде эң мыкты окуу жай деп табылды

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 944 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 16-августта Ош мамлекеттик университетиндеги искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Анда ал жогорку окуу жайдын профессорлорун, окутуучуларын жана студенттерин куттуктап, Ош мамлекеттик университети улуттук билим берүү системасындагы флагманга айланганын белгиледи.

Көпчүлүк жогорку окуу жайлар билим берүүнү пайда табуу булагына айлантып, эмгек рыногунун талаптарын унутуп калганда, ОшМУ руханий жан-дүйнөнү байыткан өнөр кесибине маани берип, өнөр факультетинин жаңы имаратын курду. Өлкө муктаж болуп жаткан адистерди даярдагыдай  билим берүү системасын киргизиш керек”, — деди Жээнбеков.

Президент жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылганын айтты.

Анда маалым болгондой, акыркы үч жылдын аралыгында университет өз күчү менен 7 млн. доллар инвестиция тартып, материалдык-техникалык базасын чыңдаган.

Ошондой эле, ички каражаттардын эсебинен 12 жаңы окуу корпусун курган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM