Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Түркия АКШ менен болгон кризисте Орусияга жакындайт

Дүйнө | 16 Авг 2018 | 1217 | 0

Түркия АКШ менен болгон мамилелеси солгун учурда Орусия менен алакасын бекемдейт. Бирок, ал НАТОдон чыгууну көздөбөйт. Бул тууралуу Түркиялык стратегиялык изилдөө борборунун директору Хасан Октай билдирди.

«Орусия менен АКШ ортосунда болгон кризисте Түркия өзүнүн ордун билгидей деңгээлге чыккан. Кансыз согуш бүттү, Түркия акыркы күндөрдөгү кризисте сынып калбашы керек. Түркия Орусия менен болгон мамилесин бекемдейт, бирок ал НАТОдон чыгып, ШКУга киришин күтпөө керек”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркия АКШнын экономикалык чабуулуна чукул жооп катары АКШдан импорттолгон айрым товарларга салыкты көбөйттү. Алсак, АКШдан импорттолгон тамеки буюмдарына болгон төлөмдөр 60 пайызга, спирт ичимдиктерине 140 пайыз, машиналар 120 пайыз, косметикалык продуктуларга 60 пайыз, күрүч 50 пайызга, жемиштер 20 пайызга жогорулатылды. Төлөмдөр ошондой эле башка америкалык буюмдарга да көтөрүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM