Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүүдө кооперативдердин келечеги кең

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 980 | 0

Аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдердин келечеги кең. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдерди түзүү зор роль ойнойт. Буга байланыштуу кабыл алынган мыйзамда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү багытында жакшы шарттар түзүлгөн. Мыйзам кооперативдердин кеңешинин ишин жакшыртууга, кооперативдердин ишиндеги ички карама-каршылыктардын жана кызыкчылыктардын кагылышын жоюуга мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-июнда кабыл алынып, “Кооперативдер жөнүндө” колдонуудагы мыйзамдагы айрым кенемтелерди толуктоо максатында иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM