Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары-2018: Чет элдик спортчулар 25-августтан тарта кабыл алынат

Спорт | 15 Авг 2018 | 1060 | 0

Чет элдик спортчулар 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 25-августтан тарта кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке даярдыктар график боюнча жүрүп жатат. Оюндар ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, дене-тарбия комплексинде жана «Номад» амфитеатрында өткөрүлөт.

Көчмөндөр оюндарынын жалпы байгеси 26 млн сомду түзөт. Эң көп каражат көк бөрү оюнуна бөлүнүп, 1-орунга 3 млн сом берилет.

Белгилей кетсек 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Ага 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчу катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM