Биз менен байланышыңыз

Үрөнчүлүк — агрардык өлкөнүн келечеги

Пикирлер | 18 Июн 2018 | 1057 | 0

Кыргызстан агрардык өлкө, ага карабастан акыркы он жылдарда жашылча өсүмдүктөрдүн жергиликтүү сортторун пайдалануу практикасынын кескин түрдө кыскаруусу байкалган. Өлкөдө селекциялык иштердин жүрүшүнүн төмөндөшү жергиликтүү агробиотүрдүүлүктүн жоготууларына алып келет. Бул болсо азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунуч пайда кылат. Мындан тышкары, фермерлер агротехниканын жана үрөн чарбасынын эрежелерин сакташпайт, бул болсо үрөндөрдүн сапатынын начарлашына жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо жана сертификация бөлүмүнүн башчысы, Дамирбек Байдалиев Кыргызстандагы үрөнчүлүк чарбасы жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

“Бүгүнкү күндө үрөнчүлүк боюнча 5 уюм “акционердик коом” болуп катталган. Мамлекеттке катталгандардын саны 44, менчик үрөн чарбачылыгы 48,  кылкандуу дан өсүмдүктөрүн  өстүрүү 72, ал эми картошка жана жашылчалардын көп жылдык үрөндөрү менен 2 үрөнчүлүк чарбасы аракеттенет. Бул көрсөткүчтөр биздин өлкө үчүн абдан эле аз. Күзгү жана жазгы үрөнчүлүккө уруктарды жалпысынан алганда 100 миңге жакын үрөнчүлүк чарба өндүрөт. Акыркы үч жылдан бери үрөндү жандандырып жатабыз. Алгачкы жашылчалардын үрөндөрү союз мезгилинен кийин таркап кетип токтоп калган. Азыр биз Сокулук районуна Орусиядан сортторду алып келип, жашылча-жемиштердин үрөндөрүн өстүрүп жатабыз. Бизге келген ар бир үрөндү текшерип, 2 жыл сактагандан кийин гана сертификациялап 7  облуска таратабыз”.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM