Connect with us

Делегат: Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана керек

Кыска кабар | 20 Дек 2024 | 181 | 0

Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана керек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Ош облусунан келген делегат Анархан Айдарова билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн түштүгүндө онкология ооруканасы башкы көйгөйлөрдүн бири. Азыр бала бакчанын имараты онкологиялык ооруканага катары колдонулууда.

«Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосунда мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын онкологиялык ооруканага катары пайдаланып, операциялар жасалып жатат. Буга байланыштуу түштүк жакка онкологиялык оорукана керек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM