Connect with us

17-декабрдын аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Дек 2024 | 231 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында кар, жаан жаабайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз 1…3 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM