Connect with us

Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөргө айыппул салынат

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 201 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө миң сом (1000 сом) айыппул салынарын билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрөт. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамга ылайык айып пул салынат.

Учурда коомдук транспортко жол акы “Тулпар” карт жана банктык карталар менен 17 сом, ал эми накталай төлөм 20 сомдон.   

Copyright © 2017 Maral FM