Connect with us

Министрлик бала бакчадагы наристенин өлүмү боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 302 | 0
Интернеттен алынган сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Чүйдүн Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында чарчап калган беш жашар наристенин окуясы тууралуу маалымат берди.

Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.    

«Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Чүйдүн Сокулук айылындагы «Алтын балалык» мамлекеттик бала бакчасында ушул жылдын 22-октябрында беш жашар наристе чарчап калган.

Бул факты Сокулук райондук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргөнүн, тергөө уланып жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM