Connect with us

Президенттин адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 167 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-декабрда Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Ал адам укуктары – ар бир адилеттүү коомдун негизги тиреги экенин, Конституциянын, мыйзамдар менен мамлекеттик башкаруу системанын пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөнүн билдирди.

Президент ушул жылдын 9-февралында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Садыр Жапаров өлкөдө ар бир жаран ар дайым укуктарынын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусун каалайт. Коомдо ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрүшү керектигин айтты.

Мындан 76 жыл мурун 10-декабрда Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алып, аны дүйнөдөгү бардык элдер жана мамлекеттер карманууга тийиш болгон документ катары жарыялаган. Ошондон бери 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM