Connect with us

«Министрлердин башы иштейби?». Депутат өкмөттүн салык саясатын сындады

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 204 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 4-декабрдагы жыйынында министрлер кабинетинин салык саясатын сындады.

Ал өкмөт салыкты көбөйтпөйбүз деген убадасын бузуп, салыктын улам жаңы түрүн киргизип жатканын айтты.

«Бир эле мисал, курулуш бизнесине кайрадан 12% кошумча нарк салыгын киргизип жатасыңар. Кыргызстанда элге 30 миллион чарчы метр турак жай жетишпейт. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания болгону 2 миллион чарчы метр турак жай куруп жатат, калганы каяктан алат? Азыр кошумча нарк салыгына 12% салык киргизгенден кийин батирлердин баасы дагы көтөрүлөт. 12% кошумча нарк салыгы 500 миң сом. Калганынан чогултсаңар дагы үйгө тийбегиле да. Бала бакча, мектептер салынып жатат, бирок тарбиячысы жок болсо эмнеге саласыңар? Министрликтердин башы иштейби, пландоо деген барбы? Үйлөрдү кымбаттатып жибергенден кийин аны куруп не кереги бар?» , — деди депутат Балбак Түлөбаев.

Мамлекеттик салык кызматы буга чейин курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган. Анда курган батирин чарчы метрин 1000 доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан бошотуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM