Connect with us

Грузия АКШ менен алаканы токтотуп, Евробиримдикке мүчө болууну 2028-жылга калтырды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 428 | 0

Грузиянын борбору Тбилисиде 1-декабрда төртүнчү түн катары менен демонстранттар менен полициянын кагылышуусу уланды. Нааразычылык акция Грузин өкмөтү 28-ноябрда өлкөнүн Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткондуктан улам күч алган.

3,7 миллион калкы бар өлкөдө бийликтеги “Грузин кыялы” партиясын Орусияга ыктаган адамдар авторитардык саясат жүргүзүп жатканын айыптап, анын батышчыл оппоненттеринин ортосунда бир нече айдан бери тирешүү күчөп келет.

1-декабрда кечинде Тблисиде демонстранттар кайрадан чогулуп, полицияга фейерверк ыргытышты, полиция аларга суу аткычтары менен жооп кайтарды.

Өкмөттүн жетекчиси Ираклий Кобахидзе “14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Андан кийин бардык конституциялык органдар грузин элинин басымдуу бөлүгүнүн тандоосуна жараша түзүлөт”,- деди.

Ал ошондой эле АКШнын демостранттарга каршы ашыкча күч колдонгон деген айыптоолорду четке кагып, Грузия январда Дональд Трамптын жаңы администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирди.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өзү дагы нааразычылык акцияга катышып, Конституциялык сотту «Грузин кыялы» жеңген өткөн айдагы шайлоону жокко чыгаруу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды. Оппозиция жана президент Зурабишвили да шайлоо бурмаланганын ырасташууда.

Грузин маалымат каражаттары кеминде сегиз шаарда нааразылык акциялары болуп жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM