Connect with us

Салык жана камсыздандыруудан 270,1 млрд. сом чогулду

Кыска кабар | 1 Дек 2024 | 138 | 0

Малекеттик салык кызматы ушул жылдын январь-ноябрь айларында 270 млрд. 129,9 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44,3 млрд. сомго көп.

Анын ичинде 203 млрд. 801,3 млн. сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 2 млрд. 962,6 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыр ушул учурга салыштырмалуу 35 млрд. 637,3 млн. сомго көп жыйналды.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 66 млрд. 328,6 млн. сомду түздү. План 5 млрд 603,6 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 8 млрд. 747,9 млн. сомго көп жыйналды.

Салыштырсак, 2010-жылы чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 36,3 млрд. сомду түзгөн, ал эми 2020-жылы жалпы 112,1 млрд. сом жыйналган.

Жыйымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү куралдардын бири болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM