Connect with us

Президент авиация тармагын тыкыр иликтөөнү тапшырды

Кыска кабар | 2 Ноя 2024 | 205 | 0

Президент Садыр Жапаров авиацияны өнүктүрүүгө жана авиация тармагынын коопсуздугунун стандарттарын жогорулатуу боюнча билдирүү жасады.

Анда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бир жыл ичинде Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) коопсуздук боюнча эки аудитинен
(учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздугу) ийгиликтүү өткөнүн айтты.

Ошондой эле, Суданда мурда Кыргызстандын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы менен болгон соңку окуя натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат, — деп белгилеген.

«Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып, кээде кооптуу аймактарда учаары аныкталды. Мындай иш-аракеттер бизде бул авиякомпаниялар эмне ташып жаткандыгы жана алардын максаттары тууралуу олуттуу жана негиздүү суроолорду жаратат», — деп айткан президент билдирүүсүндө.

Сөзүнүн аягында, тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды кылдат жана тез арада текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүүнү тапшырганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM