Connect with us

Жактоочу: Имамидин Ташовго операция жасалды

Кыска кабар | 30 Окт 2024 | 534 | 0

«KG Group» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жактоочусу Самат Матцаков «Маралга» тастыктады.

Анын айтуусунда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турган ишкер «Тез жардам» автоунаасы ооруканага жеткирилген. Жактоочу Ташов менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбогонун айтты.

«Бүгүн СИЗОдон №4 шаардык ооруканага жеткирилди, өзүн көрдүм, бирок сүйлөшө алган жокмун, ал сүйлөй турган абалда эмес болчу, операция жасалганын уктук. Өзүнө кол салганы же кыйноо болгону такталып жатат, биз бул тууралуу арыз жаздык, текшерүүдөн кийин белгилүү болот. Азыр аны кайра абакка жеткиришери маалым болду», — деди жактоочу.

Буга чейин Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганы кабарланган.

Ишкердин апасы уулун абакта кыйнашканын айтып чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети быйыл 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген негизде ишкер Имамидин Ташов кармаган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан.

Буга чейин УКМК тарабынан Имамидин Ташовго издөө жарыялаган. Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM