Биз менен байланышыңыз

Жамал Тургунбаев: Кыргызстан инсульт боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 89 | 0

Кыргызстан инсульт оорусуна чалдыккандардын саны, андан майып болгондордун жана өлүмдүн саны боюнча да дүйнөдө алдыңкы катарларда турат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев айтты.

Анын маалыматына караганда, башка мамлекеттерде да инсульт кеңири тараган оорулардын бири. Кыргызстанда бир жылда 6 миңдей адам инсульт алат, муну күнүнө эсептегенде бир күндө 16-20 киши инсультка кабылат.

«Башка мамлекеттерде инсультту болтурбоонун аракетин көрүшөт, жарандар өздөрү аракет кылат, бизде бир калыпта келе жетет, төмөндөгөнү байкалбайт, себеби элде инсульттун алдын алуу боюнча маалыматы жетишсиз. Биздин өлкөдө жалпы өлүмдүн 75 пайызы инсульттан болуп жатат. Инфарктка караганда инсульт жогору. » , — деди Жамал Тургунбаев.

Инсультка алып келген оорулар — жогорку кан басымы, холестериндин жогору болушу жана диабет сыяктуу жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелчиликтери.

«Бейтаптар өздөрүнүн кан басымынын жогору экенин билишпейт, билишсе да, дарыны үзгүлтүксүз ичишпейт, кан басымга, холестериндин деңгээлине, канттын деңгээлине көзөмөл кылып туруш керек» , — деди Тургунбаев.

29-октябрь – Дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM