Биз менен байланышыңыз

Депутат Алиев катуу ысыкта иш күнүн кыскартууну сунуштады

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 88 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев эмгек кодексинин долбооруна катуу ысыкта жумуш күнүн кыскартууну караган норманы киргизүүнү сунуштады. Ал бул эл аралык практика экенин белгиледи.

Депутат бул норма улгайган жарандардын, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кан басымы бар адамдардын категориясына тиешелүү экенин айтты.

Жогорку Кеӊештин социалдык саясат боюнча комитетинин 28-октябрдагы жыйынында Эмгек кодексинин долбоору жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угуу өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.

Анын ичинен, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү, майрамдардынсанын кыскартуу, жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө, дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM